Кудустун куткаруучусу- Салахиддин Аюбий
ТЕЛЕСКОП КАНАЛЫ ТЕЛЕСКОП КАНАЛЫ
234K subscribers
227,476 views
8.4K

 Published On Premiered May 7, 2023

Аль-Кудус- мусулмандардын алгачкы кыбыласы, экинчи мечити, үчүнчү ыйык жери. Биз үчүн Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын салам-салаваты болсун) Миражга көтөрүлгөн жери катары билинген шаар, христиандар үчүн "Иса (Аллахтын саламы болсун) крестке керилип өлтүрүлгөн жана анын кабыры жайгашкан" деген аймак. Йахудилер болсо бул жерде Сулайман пайгамбар (Аллахтын саламы болсун) курган ибадаткананын бирден бир бөлүгү шаардагы ыйлоо дубалынын астында калып кеткендигине ишенишет.
Андыктан бул шаарды багындуруу ар диндеги, жана ар улуттагы, ар бир падышанын жана ар бир кол башчынын таттуу кыйалы болгон. Мына ошондой кыйалыны Аллах жолунда орундаткан улуу инсан тарыхта жөнөкөй бир аскерликтен кол башчылыкка, андан ары султандыкка бекем ишеними, аруу кыйалы жана күжүрмөн эмгеги менен жеткен. Бүгүн суранычыңыздар бойунча каналыбызда Салахиддин Айубинин өмүр таржымалын сунуштайбыз .

show more

Share/Embed