Published On Sep 16, 2024
Бишкектин Биринчи май райондук соту Азимбек Бекназаровду ТИЗО-1ге эки айга камакка алуу чечимин чыгарды.
Бекназаров кылмыштуу кирешелерди адалдоого айыпталууда. УКМКнын маалыматына ылайык, анын 2010-жылы алынган акчаны уурдоого жана сатып алган мүлктөрүн башка адамдардын атына каттатууга тиешеси бар. Бекназаровдун адвокаты анын камакка алынышын мыйзамсыз деп эсептеп, ал үй камагына чыгарылышы керектигин билдирүүдө.
УКМК Бекназаровдун 2010-жылы жазылып алынган Атамбаев жана Сариев менен болгон сүйлөшүүсүнүн аудиосун жарыялады. Алардын биринде Бекназаров Атамбаевди пара алууга айыптап, аны жаңы революция менен коркуткан. Мындай сүйлөшүү болгонун кийин Атамбаев ырастаган, бирок пара алганын четке каккан.
#бекназаров #кыргызстан #атамбаев #сариев #укмк #сот #кармоо #кемпирабад #саясатчы #иш
Каналга жазылуу: / @kloop3223
Биздин веб-сайт: http://ky.kloop.kg
Facebook: http://fb.com/kloopkyrgyz
Twitter: / kloopkyrgyz
Instagram: / kloopkyrgyz