КУБАНЫЧ САТАЕВ / Нооруз - Кыргызча караоке тексти менен
Ыркесе Ыркесе
97.8K subscribers
115,697 views
910

 Published On Mar 14, 2022

🎵 Чубак Сатаевдин "Нооруз" ырын биз менен чогуу караоке ырдаңыз. Кубаныч Сатаевдин аткаруусундагы варианты тексти менен.

🎤Кубаныч Сатаевдин НООРУЗ ырынын үнү жок (минус) варианты    • НООРУЗ- Кубаныч Сатаев - Кыргызча кар...  

🎼 Кыргызча караоке издесеңиз, биздин каналга катталыныз 👌. Күн сайын жаңы ыр караоке форматында чыгып турат.

🎶 Кыргыз ырлары караокеге 2 түрдө киргизилген:
✔ сиз сүйгөн ырчынын аткаруусунда (ыр жаттоого жеңил болуу үчүн, ырчы менен чогуу ырдап, обонду кырааты менен ырдаганды үйрөнөсүз), мындай клиптер “караоке” деп белгиленген;
✔ жалаң ырдын обону, ырчынын үнү жок варианты, же минусовка (өзүңүз музыканын коштоосунда ырдаганга), мындай клиптер “караоке минус” деп жарыяланган.

☑ ырчынын коштоосунда караоке кыргыз ырлары https://bit.ly/3i9RrBl
☑ үнү жок кыргызча караоке https://bit.ly/3i9Y1HV

🎥 Баардык клиптер тексттери менен берилген, обондун ыргагына жараша сапаттуу даярдалган караоке кыргызча ырлар.

🎵 “Ыркесе” каналына келип, сизге жаккан кыргыз обондорун уй бүлөңүздун ичинде, тууган-туушкандар менен, достор менен, жакшы санаалаштар менен чогуу ырдаңыз. Тойдо, шеринеде, туулган күндө ыркесе 🥣 уюштуруңуздар.

🎹 Биздин даярдаган караоке кыргызча ырларыбыз сизге жакса, лайк 👍 басып, досторуңуз менен бөлүшүңүз 🙋‍♂️, ошондо биздин каналга чоң салымыңызды кошкон болосуз! Каналга жазылууну унутпаңыз.

👍 ЫРКЕСЕ каналына жазылуу https://bit.ly/3tYphyJ

💬 Сизге жаккан кыргыз ырлары жок болсо, уялбастан комментарийде жазыңыз, колдон келишинче сунушуңузду аткарууга аракет кылабыз.

Сиздерди терен урматтоо менен 🥣Ыркесе🎵 каналы!

❗ ЭСКЕРТҮҮ:
© Чыгарманын автордук укуктары анын мыйзамдуу менчик ээлерине тиешелүү. Биздин канал жөн гана чыгарманы калың элге караоке форматында жеткирүү максатында пайдаланат. Эгерде сиз ушул чыгарманын менчик ээси болуп, анын караоке форматында таркатылышын каалабасаңыз, биздин дарекке кайрылыңыз.

#ыркесе #кыргызча_караоке #караоке_тексти_менен #karaoke_kg #yrkese
======================================================
-- "Нооруз" --
Сөзү жана обону: Чубак Сатаев
Аткаруучу: Кубаныч Сатаев
---------------------
Уккун мени кыргыз элим,
Киндик каным тамган жерим, а-а-ай.
Манас өңдүү жигиттериң,
Сулуу кыздай келиндериң.
Келе жаткан Нооруз менен,
Куттуу болсун ырым дедим.

Кайырма:
Нооруз майрам, ырыс майрам,
Бабалардан мурас майрам.
Ак калпакчан кыргыз майрам,
Нооруз майрам, бул майрам.
Нооруз майрам, ырыс майрам,
Бабалардан мурас майрам.
Ак калпакчан кыргыз майрам,
Нооруз майрам, бул майрам.

Нооруз менен жер ойгонот,
Жер жүзүндө эл ойгонот, э-э-эй.
Эл ичинде эр ойгонот,
Эр төшүндө ыр ойгонот.
Көкүрөктү эзип келген,
Кыз төшүндө сыр ойгонот.

Кайырма:
Нооруз майрам, ырыс майрам,
Бабалардан мурас майрам.
Ак калпакчан кыргыз майрам,
Нооруз майрам, бул майрам.
Нооруз майрам, ырыс майрам,
Бабалардан мурас майрам.
Ак калпакчан кыргыз майрам,
Нооруз майрам, бул майрам.

Нооруз менен жаз башталат,
Ак сүйүүгө сөз ташталат, э-э-эй.
Куттуу болсун махабатың,
Аман болсун асыл башың.
Кыргыз элим көптөн күткөн,
Келе берсин ушул жазым.

Кайырма:
Нооруз майрам, ырыс майрам,
Бабалардан мурас майрам.
Ак калпакчан кыргыз майрам,
Нооруз майрам, бул майрам.
Нооруз майрам, ырыс майрам,
Бабалардан мурас майрам.
Ак калпакчан кыргыз майрам,
Нооруз майрам, бул майрам.

show more

Share/Embed