Уул балдар Ысымдары У, Ү, Ф, Х, Ч, Ш, Э тамга Адам аттары
КыРгыЗ Tube КыРгыЗ Tube
7.85K subscribers
6,013 views
18

 Published On Jul 18, 2023

Мусулмандар балдарына бир нече ат коюшат. Өзү чоңойгондо эмнени жакшы көрөрүн тандоо. Пайгамбарыбыз Мухаммед (Ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) ушундай кылган деп айтылат. Ысым тандоого өзгөчө көңүл буруңуз. Бул баланын келечегине жана жүрүм-турумуна таасир этет.Байыркы учурдан тартып узак кылымдар бою кыргыз элинде бала туулары менен эле ааламга келген наристеге ат койгон салт болгон.

Атактуу кишинин атын койгондор баласына ошол кишинин өмүрүн өрнөк, жашоосун үлгү кылган, арбактарын сыйлашкан, «сага паландай кишинин атын бергенбиз, сен ошондой болушуң керек» деп тарбиялашкан.

Ат коюу учурунда наристени чоң атасы, же атасынын улуу бир тууганы этегине салып отурган.

Балага ат коюу үчүн азан айтуу ырасымы болгон. Аны айылдагы атайын белгилүү азанчы же молдо аткарган.

Бир топ учурда баланын атасы, же чоң атасы өзү эле азан айтып ат койгон.

Азан айткан адам аруу жуунуп, даарат алып, адалданып, кыбыланы карап, кулак какты кылып, тегерек-чек уга тургандай кылып үн чыгарган.

Балага берилген ар бир атта кандайдыр маани камтылган.

Балдары турбай жүргөн үй-бүлө жаңы бөбөк көрсө көбүнчө ага канаттуулардын, мисалы, Бүркүт, Турумтай ж.б. жаныбарлардын, мисалы, Бөрүбай, Түлкүбек ж.б. аты коюлган. Ошол алгыр куштар жана жаныбарлар баланы ажалдан арачалап калат деп эсептешкен.

show more

Share/Embed